Без рубрикиОкуялар

Бишкектеги катуу шамалда дарак кулап 23 жаштагы кыз жабыркады

Кечээ Бишкектеги катуу шамалда дарак кулап, андан 23 жаштагы кыз жабыркаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кырсык Эркиндик бульвары менен Москва көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кыздын акыреги сынып кеткени айтылды.

Белгилей кетсек, кечээ, 10-июнда, Бишкек менен Чүй облусунда катуу шамал болуп, соңунда жаан жаады. Борбор калаада бир нече бак кулап, бирөө электр карагайды басып калган. Шаардын ар кайсы жеринде жарык өчкөнү айтылып, «Ала-Тоо» аянтындагы желек жыртылып кеткен сүрөттөрү тарады.

Ошондой эле, Новопокровка айылында шамал мектептин чатырын учуруп, сыныктары ар кай жерге чачырап кеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button