Окуялар

Бишкекте катуу шамалдан улам 37 бак кулаган

10-июнда Бишкекте катуу шамалдын кесепетинен шаар боюнча 37 бак кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катуу шамалдын айынан бир көп кабаттуу үйдүн жана бир турак жайдын чатыры жабыркаган. Бузулган чатырлардын жалпы аянты 20 чарчы метрди түзгөн.

Мындан тышкары, бир кампанын чатырынын 4 чарчы метр аянтына зыян келтирилген.

Жагымсыз аба ырайынын кесепетинен үч жеңил унаа да жабыркады.

Шамалдын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин ыкчам тобу, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү күч-каражаттар тартылып, авариялык-калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлгөн.

Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 9 метрден 24 метрге чейин жеткен.

Тектеш кабарлар

Back to top button