Коом

Жылуулук режимин бузган оор жүк ташуучу унааларга айып салынды

Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктарынын мобилдик топтору унаа жолдорунда жылуулук режиминин сакталышы боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, 1-июндан тартып 9-июнга чейин өлкө боюнча жалпысынан 41 укук бузуу фактысы катталган.

Анда эрежеге баш ийбегендерге карата 830 миң сом суммасында айып салынды. Мыйзам бузгандардын 38и жеке жактар, үчөө юридикалык жактар болуп саналат.

Ал эми 9-июнда Чүй айланма унаа жолунда жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында 8 укук бузуу фактысы аныкталды.

Буга байланыштуу министрлик жүк ташуу менен алектенген тараптарды жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун сакталышын камсыз кылуу жана алардын пайдалануу мөөнөтүн узартуу максатында киргизилген жылуулук режимин так сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, 18 тоннадан жогору оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө коюлган. Анда 1-июндан 1-сентябрга чейин эртең менен саат 10:00дөн баштап кечки саат 20:00гө чейин жүк ташуучу унааларга жылуулук режимин сактоо керектиги белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button