Окуялар
Өзбекстандан келе жаткан 24,5 тонна пияз артка кайтарылды

Мамлекеттик чек арадагы фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
«Кең-Сай» фитосанитардык көзөмөл постунда Өзбекстан Республикасынан алынып келинген салмагы 24,5 тонна болгон пияз текшерилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгында жүктө милдеттүү маркировканын жоктугу аныкталган.
Ушуга байланыштуу аталган жүк жөнөтүүчүгө кайра кайтарылды.



