Коом
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы киргизилди

Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтынын жанындагы муниципалдык унаа токтотуучу жайда сааттык төлөм системасы сыноо режиминде киргизилди.
Мэриянын маалыматына ылайык, сөз One Group соода борбору менен Жеңиш аянтынын ортосундагы Шопоков көчөсүнүн чыгыш тарабындагы унаа токтотуучу жай тууралуу болуп жатат. Ал 95 унаага ылайыкталган жана сутка бою иштейт.
Сыноо мезгилинде төмөнкү тарифтер колдонулат:
-алгачкы 15 мүнөт — акысыз;
-алгачкы 2 саат — 50 сом;
-андан кийинки ар бир саат — 10 сом.
Мэрия белгилегендей, сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин жаңы системанын натыйжалуулугу талданып, Бишкектеги муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууну мындан ары жакшыртуу боюнча сунуштар даярдалат.



