Коом

Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды

Чүй облусунун Кегети капчыгайында сууга агып кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Куткаруу иштеринин алкагындагы издөө иштери аяктады. Окуянын башка жагдайлары такталууда.

Эске салсак, 23-июнда Кегети капчыгайында эки үй-бүлө түшкөн унаа дарыяга кулап кеткен. МЧСтин маалыматына ылайык, унаада эки аял жана беш бала болгон. Аялдар менен үч бала өз алдынча чыгууга үлгүрүшкөн, бирок 12 жаштагы кызды жана 6 жаштагы баланы суу агымы алып кеткен. Кыздын сөөгү буга чейин табылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button