Европада 1300дөн ашык жаран ысыктан улам каза болду

21-июнга карата Европада ысыктын кесепетинен 1300дөн ашык ашыкча өлүм катталганы айтылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.
Анын сөзүнө караганда, азыркы учурда Европада болжол менен 150 миллион адам өтө жогорку температуранын таасиринде жашап жатат. Экстремалдуу ысыктан улам айрым өлкөлөрдө мектептер жабылып, электр тармактары максималдуу жүктөм менен иштеп жатат.
Гебрейесус белгилегендей, Европа өлкөлөрүнүн үйлөрү, иш орундар жана мектептери мындай жогорку температурага ылайыкташкан эмес. ДССУ мүчө мамлекеттер жана өнөктөштөр менен бирге ысыктан келип чыккан ден соолук коркунучтарына каршы күрөшүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ал ошондой эле Европа өлкөлөрүн жогорку температурадан коргонуу боюнча атайын иш-аракет пландарын ишке киргизүүгө чакырды.
ДССУ башчысынын айтымында, глобалдык жылуулануу жана климаттын өзгөрүшүнөн улам Европада аномалдуу ысыктар акыркы жылдары көбүрөөк байкалып жатат. Ал Европанын климаты дүйнө орточо көрсөткүчүнө караганда эки эсе ылдамыраак ысый турганын белгиледи.
Июнь айынын аягындагы ысык Франция, Испания, Италия, Улуу Британия, Германия жана башка өлкөлөрдү камтыды. Кээ бир мамлекеттерде кондиционерлердин сатылышы 70 пайыздан ашык көбөйгөнү айтылууда. Францияда болсо ысыктын кесепетинен сөөк коюу кызматтарында жүктөм кескин көбөйгөнү кабарланды.



