Өлкөдө сейсмикалык абал туруктуу

Өлкөдө сейсмикалык абал туруктуу жана Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин окумуштуу катчысы Жибек Калысова билдирди.
Анын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери өлкө аймагында 3 миң 808 жер титирөө катталган. Алардын ичинен 78и гана адамдар тарабынан сезилген. Адистердин айтымында, бул көрсөткүчтөр норманын чегинде болуп, өткөн жылдагы деңгээлге туура келет.
“Кыргызстанда сейсмикалык мониторинг күнү-түнү жүргүзүлүп турат. Өлкө боюнча заманбап жабдуулар менен камсыздалган 21 санариптик сейсмостанция иштейт. Алар жер кыртышындагы эң майда өзгөрүүлөрдү да каттап, сезилген жер титирөөлөр тууралуу маалыматтарды ыкчам түрдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берет”, — деди Жибек Калысова.
Адистердин маалыматына ылайык, ар бир жер титирөө катталып, талдоодон өткөрүлөт. Зилзаланын очогун жана күчүн аныктоо үчүн орто эсеп менен 15–30 мүнөт талап кылынат.
Кыргызстанда жыл сайын 10 миңден ашык жер титирөө катталат. Алардын болжол менен 300гө жакыны 3 баллдан жогору күчкө ээ болуп, адамдар тарабынан сезилет.
Сейсмология институту белгилегендей, өлкөнүн аймагынын 90 пайыздан ашыгын тоолор ээлегендиктен Кыргызстан сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкан. Бирок бул келечектеги жер титирөөнүн так убактысын же ордун алдын ала аныктоого болот дегенди билдирбейт.
Институт жарандарды жер титирөөлөр тууралуу маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырат. Учурдагы маалыматтарды Сейсмология институтунун расмий ресурстарынан же адистерге түз кайрылуу аркылуу текшерүүгө болот



