Коом

Окуу жылы 15-сентябрда башталса да, мугалимдер сентябрдын айлыгын толук алышат

Окуу жылы 15-сентябрда башталганына карабастан, мугалимдер сентябрдын маянасын толук алышат. Маалыматты Sputnik агенттиги Агартуу министрлиги тастыктаганын жазды.

Буга чейин ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан улам быйыл мектептер 15-сентябрдан тарта иштээри айтылган.

Кийин агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстанда эми окуу жылы дайыма 15-сентябрда башталышы мүмкүндүгүн, азыр демилге талданып жатканын айткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button