Окуялар

Айсулуу Тыныбекова карьерасын жыйынтыктайбы?

Париждеги Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар бүгүн, 13-августта мекенине кайтып келди. Бишкектеги эски аянтта аларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Андан кийин Тарых музейинде спортчулардын катышуусунда маалымат жыйын өтүп, алар журналисттердин суроосуна жооп берди.

Маалымат жыйында Айсулуу Тыныбековага спорттук карьерасы улантабы же жыйынтыктайбы деген суроо узатылды.

Тыныбекова билдиргендей, көп киши ага Париждеги Олимпиадада «спорттук бут кийимин чечип, карьерасын жыйынтыктайт» деп ойлогону тууралуу айтышкан. Бирок коло үчүн беттештен кийин чарчагандыктан эч бир ой келген эмес.

Белгилей кетсек, күрөштө балбан спорттук кийимин чечип, аны килемдин ортосуна коюп, карьерасын жыйынтыктаганы тууралуу билдирет.

«Чынын айтсам, ал учурда чарчаганымдан эч кандай ой деле болгон жок. Медалга жеткенибизге ыраазы болдум. Азыр да чарчап турам. Мага бир айбы, үч айбы же жарым жылдай убакыт керек. Мен ойлонушум кажет. Эс алып алгандан кийин туура жоопту айта алам», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button