Чүй облустук соту мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташууну чыңдоо маселелерин талкуулады

Чүй облустук соту мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын өз ара кызматташуусун чыңдоого багытталган жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Ашырбаев, Чүй облустук сотунун төрагасы, анын орун басарлары, Чүй облусунун административдик сотунун судьялары, облустук жана райондук прокуратуралардын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациялардын (акимдер) жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, кадастр кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун негизги максаты — Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын 11-майынан 17-июньуна чейин эл менен өткөрүлгөн жолугушууларда көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди талкуулоо, алардын келип чыгуу себептерин аныктоо, келечекте мындай тоскоолдуктардын алдын алуу жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер каралды:
* Жарандардын кайрылууларында эң көп кездешкен көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору;
* Жер жана мүлк мамилелерине байланыштуу соттук талаш-тартыштардын негизги себептери;
* Мыйзамдарды практикада колдонуудагы тоскоолдуктар;
* Соттор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосундагы байланышты өркүндөтүү.


Катышуучулар жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын натыйжалуу коргоо максатында маалымат алмашууну күчөтүү, мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу жана алдын алуу иштерин биргелешип жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар көтөрүлгөн маселелер боюнча мындан ары да тыгыз кызматташып, жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн көйгөйлөрдү азайтуу багытында биргелешкен иш-чараларды үзгүлтүксүз улантуу зарылдыгын макулдашышты.



