Коом

Кыргыз футбол союзунун бюджетти бекитилди

8-сентябрда Кыргыз футбол союзунун (КФС) кеңсесинде союздун президенти Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында КФСтин Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү.

КФСтин маалыматына ылайык, жыйында күн тартибине киргизилген уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, киргизилген толуктоолорду эске алуу менен КФСтин 2026-жылга карата иш-чаралар планы жана бюджети бекитилди.

Мындан тышкары, Аткаруу комитети футболду өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча иш алып барган КФСтин туруктуу комитеттеринин жаңыланган курамдарын бекитти. Алардын катарына техникалык жана каржы комитеттери, калыстык, мелдештерди өткөрүү, футзал жана пляж футболу, аялдар футболу, маркетинг жана социалдык жоопкерчилик, ошондой эле стратегиялык өнүгүү боюнча комитеттер кирет.

Ошондой эле туруктуу комитеттер өз багыттары боюнча маселелерди карап, КФСтин катчылыгы сунуштаган демилгелерди талкуулап, аларды Аткаруу комитети тарабынан кийин бекитүү үчүн сунуштарды иштеп чыгышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button