Коом

Балыкчынын мэри Эсеп палатасынын аудитинен кийинки айыптоолорду четке какты

Балыкчы шаарынын мэри Баатырбек Жантаев Счет палатасынын 2024–2025-жылдардагы аудитинен кийин айтылган уурдоо жана каражаттарды өздөштүрүү боюнча айыптоолорду четке какты. Ал өз кайрылуусунда айрым маалыматтар аудиттин мазмунун бурмалап чагылдырылып жатканын билдирди.

Мэрдин айтымында, документте көрсөтүлгөн суммалардын негизги бөлүгү өткөн жылдардагы техникалык каталарга жана муниципалдык мүлктү — имараттарды, жер тилкелерин жана инфраструктуралык объектилерди эсепке алууга байланыштуу.

«Бул объектилердин баары ордунда турат жана Балыкчы шаарына кызмат кылууда. Бир да сом уурдалган эмес», — деди ал.

Баатырбек Жантаев техникалык каталар буга чейин оңдолгонун, ал эми мурдагы жетекчиликтин финансылык чечимдери азыркы мэриянын иши менен негизсиз байланыштырылып жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда мэр аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар Ысык-Көл облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди.

Анын айтымында, алардын арасында муниципалдык «Мүлк» ишканасынын мурдагы башкы бухгалтери электрондук документтерди өчүргөн факты да бар.

«Күнөөлүүлөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууну биз өзүбүз демилгелеп жатабыз», — деп баса белгиледи Баатырбек Жантаев.

Шаар башчысы ЖМКларды жана тургундарды маалыматты документтерге таянып баалоого чакырды. Бирок ал аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн так суммаларды жана кайсы мыйзам бузуулар оңдолгонун кайрылуусунда келтирген эмес.

Тектеш кабарлар

Back to top button