Кыргызстан CIFIT-2026 алкагында эл аралык инвестициялык байланыштарды кеңейтүүдө

Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесинин (CIFIT) алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын ири компанияларынын жана каржы институттарынын жетекчилери, ошондой эле чет өлкөлөрдүн мамлекеттик жана инвестициялык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Маанилүү жолугушуулардын бири Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын президенти Ван Чуньин менен өттү. Тараптар Кыргызстандагы инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо жана колдоо мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле Chengtun Mining компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда компаниянын инвестициялык демилгелерин Кыргызстанда ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Мындан тышкары, Мээримбек Койчуманов China Investment Corporation (CIC), Sinosure, Chinalco, Xiamen IPORT Group, Hithium, CATL, C&D, China Energy Engineering Group (CEEC), CSCEC жана башка ири компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөштү. Чет өлкөлүк өнөктөштөргө Кыргызстандын энергетика, өнөр жай, тоо-кен тармагы, инфраструктура, логистика жана заманбап технологиялар чөйрөлөрүндөгү инвестициялык долбоорлору тааныштырылды.

G2G форматында CIFITке катышкан Финляндия, Иран, Сауд Аравиясы жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен да жолугушуулар өттү. Анда мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу боюнча тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Кыргызстандын CIFIT-2026га катышуусу эл аралык инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө, жаңы өнөктөштөрдү тартууга жана конкреттүү долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө түзүүдө.



