Бир катар окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү кадрлар резервине сынаксыз киргизилет

Кыргызстанда мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүүнүн эрежелери, ошондой эле кызматкерлерди ротациялоо тартиби өзгөртүлдү. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин жарлыгына ылайык, сынактан тышкары кадрлар резервине төмөнкүлөрдү киргизүүгө болот:
- «Акылман» президенттик лицейинин бүтүрүүчүлөрүн;
- чет элдик жогорку окуу жайлардын «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясы менен окуп бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү;
- өзгөчө статуска ээ болгон Кыргызстандын жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен бүтүргөн бүтүрүүчүлөрүн;
- квалификациялык талаптарга жооп берген ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды.
Резервге кирүү үчүн алар жеке арыз менен кайрылышы керек. Аларды резервге ала турган органдарынын тизмесин Министрлер кабинети аныктайт.
Башкы жана улук административдик кызмат орундарына болгон резервге ЕАЭБдин органдарында эки жылдан ашык стажы бар мурдагы кызматкерлерди жана саясий мамлекеттик же муниципалдык кызматкерлерди киргизүүгө болот. Алар ишинен бошотулгандан кийин 6 айдын ичинде арыз бериши керек.
Сынакка катышуу үчүн арыздар e-Kyzmat порталы аркылуу берилет. Ушул система аркылуу мамлекеттик органдар талапкерлер жөнүндө маалыматтарды ИИМдин базасында, анын ичинде соттуулугу жана реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган кылмыш иштери жөнүндө маалыматтарды текшере алышат.
Кичи административдик кызмат орундарына дайындоо тартиби да өзгөртүлдү. Укуктуу орган кадрлар резервинин рейтингинде жогорку орундарды ээлеген 5 талапкерди сунуштайт. Эгерде алар четке кагылса, кийинки үчтөн ашпаган талапкер сунушталышы керек.
Бир органда 3 жылдан ашык тынымсыз иштеген мамкызматкерлер, кызматтан бошотулгандан кийин кадрлар резервине 1 жылга киргизилет. Бул эреже терс негиздер боюнча бошотулгандарга карата колдонулбайт.
Акыркы кызмат ордунда кеминде 1 жыл иштеген кызматкер ротациялана алат. Кызыкчылыктар кагылышуусун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү жана кызматкердин өзүнүн демилгеси боюнча да ротациялоого уруксат бар.
Жарлык расмий жарыялангандан 7 күндөн кийин күчүнө кирет.



