Маданият
«Бишкек Аренада» чет элдик ырчылардын катышуусунда концерт өттү

Кечээ, 18-сентябрда «Бишкек Арена» стадионунда чет элдик ырчылардын катышуусунда концерт өттү. Анда Akon, Ne-Yo жана Nana өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Концерт учурунда Busta Rhymes Бишкекке келе албаганы белгилүү болду. Иш-чаранын алып баруучулары ырчынын видео кайрылуусун көрсөтүштү. Анда ал ден соолугуна байланыштуу концертке келе албай калганына кечирим сурап, бирок Бишкектеги сахнада сөзсүз концерт коюуга убада берди.

Busta Rhymesтин ордуна Nana өзүнүн чыгармаларын аткарды. Ал Lonely, Remember the Time жана башка ырлары менен белгилүү.

Концертке болжолдуу 35 000 көрүүчү келгендиги айтылды.



