Баткенде «Өрүкзар» эл аралык поэзия фестивалы башталды

Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков жана Сүлүктү шаарларында 18–20-сентябрь күндөрү өтө турган «Өрүкзар» эл аралык фестивалы башталды.
Үч күнгө созулган маданий-туристтик иш-чара Раззаков шаарында мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюу аземи менен башталды. Андан соң фестивалдын расмий ачылыш аземи өтүп, анда куттуктоо сөздөрү айтылып, маданий программа тартууланды.
Салтанатка Кыргызстандын Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Атантай Акбаров, акын-жазуучулар катышты.
Салтка айланган фестивалга Кыргызстандан тышкары Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан да акын-жазуучулар жана адабият сүйүүчүлөрү келишти.
Фестивалдын кийинки иш-чаралары «Сүлүктү–Белес Резорт» эс алуу борборунда уланат. Анда жаш акындардын сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Ошондой эле белгилүү калемгерлер, коомдук ишмерлер жана поэзия күйөрмандарынын катышуусунда поэзия кечелери уюштурулат.
«Өрүкзар поэзия күнү» — Баткен облусунун Раззаков шаарында жыл сайын өткөрүлүп келген эл аралык поэзия фестивалы. Иш-чара Лейлек жергесинен чыккан белгилүү акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналат.
Фестивалдын негизги максаты — жаш акындарды колдоо жана поэзия өнөрүн жайылтуу. Бул жылы «Өрүкзар» фестивалы 36-жолу өткөрүлүүдө. Аны акын жана журналист Абдилаат Дооров негиздеген.



