Коом

Японияда Кыргызстандын туризм боюнча элчиси дайындалды

Японияда Кыргызстандын Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин коомдук өкүлү болуп Ёсида Кэйго дайындалды. Ага «Кыргыз Республикасынын туризм элчиси» макамы берилди.

Агенттиктин маалыматына караганда, тиешелүү чечим 2026-жылдын 15-сентябрындагы №33-А-25 буйрук жана №006 күбөлүк менен бекитилген.

Ёсида Кэйго Японияда жана эл аралык аренада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтууга көмөктөшөт.

Мындан тышкары, анын милдеттерине Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү, туризм тармагына инвестиция тартуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн туристтик-ишкердик байланыштарын бекемдөө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button