Жайыттарга 186 тоннадан ашык үрөн себилет

Деградацияланган жайыттарды калыбына келтирүү жана кунарсыз жерлерди жакшыртуу максатында аймактарга 186 тоннадан ашык жайыт чөптөрүнүн үрөнү жеткирилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 186 миң 440 килограмм үрөн сатып алынган. Анын ичинде шалбаа бетегеси, кылкансыз түбү бош, райграс жана эспарцет сыяктуу чөп өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү бар.
Үрөндүн 20 миң 486 килограммы дражирленип себилет. Бул ыкмада үрөн коргоочу жана азыктандыруучу заттарды камтыган кабыкча менен капталып, анын себилүүсүн жана өнүп чыгышын жакшыртууга багытталат.
Министрликтин маалыматына караганда, бул иштерди жүргүзүүгө республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн. Учурда жерлерди себүүгө даярдоо иштери башталууда.



