Кыргызстанда батирлерди суткалап ижарага берүү баалары көзөмөлгө алынат

Кыргызстанда турак жайды суткалап ижарага берүүнүн баасына көзөмөл күчөтүлүп, жылдын аягына чейин атайын электрондук реестр түзүү пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Аталган реестр Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтар базасы менен бириктирилет. Бул кадам өкмөттүн 2026–2027-жылдарга карата бааларды турукташтыруу планына киргизилген. Негизги максат — турак жайды ижарага берүүдөгү көмүскө рынокту ачыкка чыгаруу болуп саналат.
Мамлекеттик салык кызматы менен Ички иштер министрлиги туристтик жана эл көп келген мезгилдерде каттоодон өтпөгөн объектилерди аныктоо боюнча биргелешкен рейддерди өткөрүп турат. Мындан тышкары, бийлик суткалык ижара рыногун патент жана көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү аркылуу легалдаштырууну көздөөдө.
Ошондой эле 2026–2027-жылдары мамлекеттик органдар эл аралык жана аймактар аралык масштабдуу иш-чаралар өтүп жаткан учурда мейманкана кызматтарынын баасынын өзгөрүшүнө да тыкыр байкоо салып турмакчы.



