Коом

Бишкекте эттин баасын негизсиз көтөргөндөргө айып салынууда

Бишкекте эт жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасын көзөмөлдөө боюнча рейддер уланууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, анын максаты баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө жана калкты жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо болуп саналат.

Өткөн аптада райондук администрациялар Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте уй жана кой этин сатуу боюнча 106 кызматташуу келишимин түзгөн.

«2025-жылдын август айынан бери Октябрь районунда 598 рейд өткөрүлүп, эттин баасын белгиленген чектен жогору койгон сатуучуларга карата алты административдик протокол түзүлгөн. Жалпы 56 миң сом айып салынган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда текшерүүлөр шаардын бардык райондорунда жүргүзүлүп, сатуучуларга белгиленген бааларды сактоо жана баа белгилерин илип коюу талаптары түшүндүрүлүүдө. Мониторинг мындан ары да улантылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button