Сооронбай Жээнбеков Нооруз майрамы менен куттуктап, элди тартипке чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын калкын Нооруз майрамы менен куттуктады. Өлкө башчыcы куттуктоосунда быйылкы Нооруз дүйнө коомчулугу менен бирге, Кыргызстан үчүн да чоң сыноо менен коштолуп жатканын белгилеген.

“Мындай кырдаалда баарыбыздан санитардык эрежелерди катуу кармоо, карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу, ар кандай чогулуштарды токтотуу, жолугушууларды мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынат. Балдарыбыздын, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн ден соолугубузга баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы”,-деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ошондой эле Жээнбеков дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардын кесепети Кыргызстанга жеткенин билдирген. Мындан улам бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, үнөмдөө режимин кармоо зарылдыгы жаралганын билдирген президент кыргызстандыктарды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырган.

Быйыл коронавирус илдетинен улам өкмөттүн токтому менен Ноорузга карата Бишкекте жана аймактарда эл көп катышчу иш-чаралар өткөрүлбөйт.

Abal.kg