Саясат

Камчыбек Ташиев уйкудан ойгондубу? Көздөгөнү эмне

Азыр дүйнө жүзү аты жаман коронавирус менен күрөшүп аткан учур. Бул вирус Кыргызстанды да кыйгап өткөн жок, дүйнөгө келген апаат бизге да келди. Учурда биз канчалык сындабайлы, өкмөт колдон келген баардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатат.

Диванда, жылуу жумшак үйдө отуруп алып, телевизордон маалыматтарды көрүп, интернетти чукулап, зериккенде элге же Президентке кайрылуу жасап, анча-мынча кемчилик көрө калса  баса калып, сындап отургандардын да саны арбыды. Айтайын дегеним, кечээ уйкудан чочугансып Камчыбек Ташиев да интернеттеги фейсбук баракчасына Президентке кызыктай кайрылуусун жарыялаптыр.

Анда  азыркы бийликти бир топ сындап, коронавирустун Кыргызстанга келиши, дарыгерлердин жугузуп алуусуна өкмөттү күнөөлөптүр.

Ташиев «аябай шашылып», дагы бир айдан кийин билдирүү менен чыкса болмок экен деп көпчүлүк аны түшүнбөй, ал буга чейин кайда жүргөнүнө кызыгышууда.

“Камчыбек Ташиев карантинден тажап отуруп, эми гана оюна медиктер келген окшойт да, түштөн кийин” дешти анын кайрылуусун окугандар таң калып. Болбосо, Кыргызстандагы  медиктердин маселеси айтылып бүткөнү качан.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизгенден тарта бир топ маселелер каралып, акырындап чечилип жатат. Ошол эле медиктердин жуктуруп алуусу, андан тышкары калктын аялуу катмарларына берилчү гуманитардык жардамдар, экономикалык абал, жазгы талаа иштери, айтып отурса абдан көп маселелер бар.

Бирок Ташиев чочугансып, эмнегедир Кыргызстандагы толгон-токой толтура маселе турса да,  коомчулук эчак эле талкуулап бүткөн медиктерди айтып чыкты.

Азыркы учурдагы Кыргызстандагы абалды бир сыйра сындап, акырында  президентке “мамлекеттик акыйкаттуулукка тике караңыз, элибиз өтө кыйналып кетти, мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн, күчүн, аракетин элге жумшаңыз, убакыт күтпөйт, эл да күтпөйт…” деп сөзүн аяктаптыр Ташиев.

“Эл күтпөйт” деген сөзүн кандайча түшүнсөк болот? Төңкөрүшкө чыгат дегениби? Азыр ар бир адам өз саламаттыгын ойлоп жаткан кез.

Балким, Ташиев үйүндө зеригип, диванда  жаткандан улам эч ким иштебей  атат деп өзүнө салыштырып айтса керек. Өкмөт бардык күч аракетин элге жумшабаганда дагы кайсыл жакка жумшап жатат?

Азыр мамлекеттин бардык күч аракети элге жумшалып жатканын көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен болуп жатканын ушунча жыл саясый аренада жүргөн Ташиев байкабастыкка салганы кечиримсиз.

Ал эми Кыргызстандагы медициналык кызматкерлердин бул вирусту жуктуруп алуусу албетте өкүнүчтүү. Бирок, дүйнө жүзүндө бул вирус менен күрөшкөн миңдеген дарыгерлердин саны айтылууда. Ошол эле коңшу Казакстанда бир эле күндө 120 медицина кызматкери бул илдетти жугузуп алганы белгилүү болду. Бул вирус эч кимди аябай жатканын дүйнө жүзүндөгү министр, депутат, белгилүү инсандар да жапа чегип, көз жумуп жаткан фактылар менен атаса болот.

Дүйнөдө экономикасы алдыда, өнүккөн ири державалар да бул вирус менен күрөшүп жеңе албай жатканы белгилүү. Ошол эле АКШда бир суткада эки миңден ашуун адам ушул илдеттен көз жумуп, миллиондогон эл жуктуруп алган фактылар бар. Мындай өлкөлөр  бул апаатты жеңүү  аракеттерин көрүүдө. Алар ошол өлкөнүн президентин, министрин же өкмөтүн сындаган жок.

АКШнын президенти Трамп жакында эле Кытай бул вирусту убагында жашырып,  айтпай койгону үчүн  экономикалык  чыгым келтирип,  жүз миңдеген адамдын өмүрүн алды деп күнөө коюп, миллиарддаган доллар  талап кыла турганын айтып чыкты. Дүйнө бул вирус менен күрөшүүдө аны апаат катары кабыл алууда. Ал эми бизде болсо бул вирустун келишине өкмөттү, бийликти сындоого алышты.

Ал эми Белорусияда бул илдет  болсо да аны менен бийлик эч кандай күрөшкөн жок. Ошентсе да ал жакта жүздөгөн адамдар көз жумуп жатканына  жарандар да кооптонууда. Ошол эле Тажикстан менен Түрмөнстанда бул илдет бизде жок деп айтып жатышат. Тажикстанда 136 дарыгер пневмония болуп ооруканага жаткырылыптыр. Ушундай пневмониядан дагы 11 адам көз жумуптур, 8 адам оор абалында реанимацияда экен. Бирок бул өлкө дале аты жаман вирус бар экенин моюндагысы келбей, андай илдет бизде жок деп айтып атышат. Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат эмеспи. Бул өлкөдө дагы канча адам бул илдетти жуктуруп журот белгисиз… Түркмөнстанда коронавирус деп айтууга жана  медициналык бет кап кийип жүрүүгө тыюу салынган.

Мындай өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда элдин саламаттыгы үчүн өз убагында карантинге алынып, коопсуздук сакталып жатат. Жакында атайын Кытайдан жана Польша өлкөлөрүнөн келген дарыгерлер биздин дарылоо, коргонуу ыкмаларыбызды көрүп, жакшы баа берип кетишти. Кыргызстанда дары-дармектер, медициналык бет каптар жетиштүү. Жергиликтүү ишкерлер бет кап тигип, чет өлкөгө да экспорттоп жатышат. Ал эми ири держава аталган АКШда медициналык бет каптар жок калып, Кытайга буйрутма берген француздардын товарын жолдон алып калганы тууралуу учурунда ызы чуу чыккан факты бар.

Учурда Кыргызстанда баардык мекемелер иштерин токтотуп, коопсуздукту сактап жатышат. Бирок, мамлекеттик мекемеде иштегендердин айлыгы сакталып, аз камсыз үй-бүлөлөргө азыктар бекер таратылып жатат.

Ушунун баарын анализдеген адам, ушундай кырдаалга адекваттуу баа бериши керек. Бирок,  коомчулукта көрүлүп жаткан баардык аракеттерди жокко чыгарып, өкмөт башчы кетсин дегендер да чыкты. Ал ортодо “мен өкмөт башчы болууга даярмын” деп өздөрүн кудалаган саясатчылар да баш көтөрүштү.

Ал эми, Ташиевдин азыркы тапта жамбаштап жатып сын айтканы анча окшошпой калды. Андан көрө, азыр Кыргызстан оор абалда турган кезде колунда анча мынча тыйыны бары деле, жогу деле элге жардамын көргөзүп, Улуу Рамазан айында соопчулук иштерди жасап жаткандардын катарына кошулса, эл да, Кудай да ыраазы болот беле…

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button