Пайдалуу кеңештер

Коронавирус. Эркекти сексуалдык жактан алсыздандырабы? Адистин жообу

Кандай гана дарт болбосун дүйнө жүзүндө ден-соолугуна кайдыгер караган эркектердин саны аялдарга салыштырмалуу басымдуулук кылат. Эркектер көп ооруга кайдыгер карашат жана убагында дарыгерге көрүнүшпөй өөрчүтүп жиберишет.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, учурда эркектердин ден соолугу абдан начар. Ушул тапта эркектерди дарылоодон көрө ар кандай оорулардын алдын алууга артыкчылык берилип жатат. Анткени эркектер аялдарга салыштырмалуу 10-15 жылга азыраак жашайт. Буга эркектердин дарыгерге абдан кеч кайрылганы себеп болууда дешет адистер.

Азыркы тапта  коронавирус жуктуруп алган жана андан көз жумган  эркектердин саны дүйнө жүзүндө басымдуулук кылат.

Ал  эми коронавирус адамдын организминдеги эски, өнөкөт дартты козгогонуна байланыштуу эркектердин жыныстык жактан өнөкөт дарты болсо күчөтүп жибериши ыктымал. Демек, мурда эле сексуалдык жактан алсыз эркектер коронавирустан кийин ого бетер алсызданып калышы күтүлүүдө. Экинчиден, карантиндин эркектер үчүн терс жагы бар. Анткени, узакка созулган стресс адамдарды дистресске алып келет. Дистресс адамда апатия (эч нерсеге кызыкпоо, көңүл чаппоо) пайда кылат. Ал эми апатиянын сексуалдык актвидүүлүккө тийгизе турган залалы чоң — импотенцияга түзмө-түз бара турган жол.

Эркектердин көп кездешкен илдеттеринин бири ноктурия. Бул эркектердин түн ичинде бир нече ирет заара кылышы. Мында бир гана эркек эмес, анын жубайы дагы жапа чегет. Экөөнүн тең түн уйкусу бузулуп, толук кандуу эс ала албайт. Өзгөчө эркектин уйкусу канбагандыктан, жыныстык жашоонун сапаты начарлайт. Күйөө жубайы алдындагы «милдетин» жетиштүү аткара албай калат», — деди дарыгер.


Андыктан, ден соолугубузга кайдыгер карабай, адиске убагында көрүнүп, коронавирусту жуктуруп албоо үчүн жеке гигиенаны да сактоо шарт экенин билдирет адистер.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button