Пневмония же грипп болуп ооругандар кайрылчу стационарлар (ТИЗМЕ)

714

Бишкектин төрт районунда ачылган күндүзгү стационар борборлору эртең мененки 08.00дөн кечки 20.00гө чейин иштейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев брифинг учурунда билдирди.

Ал белгилегендей, COVID-19 илдети жана пневмония менен ооругандардын көбү Бишкекте болгондуктан бардыгын стационарга жаткыруу мүмкүн эмес. Ошол себептен мэрия укол жана асма ийне сайдырам дегендерге гана ушундай вариант иштеп чыкты.

“Күндүзгү стационар борборлоруна келүү пневмония же грипп илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга сунушталат. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот”, — деди Түлөбаев.

Күндүзгү стационар борборлорунун даректери:

  • Ленин району — “Газпром” ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66). Бул жакта 90 орун бар;
  • Биринчи май району — Кожомкул атындагы спорт сарайынын имараты. 150 орун бар;
  • Свердлов району — Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району). 150 орун бар;
  • Октябрь району — Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль). 140 орун бар.

Аппарат жетекчи жаңы медициналык жайларга ак халатчандар жетишпей жатканын айтып, кайдыгер карабаган адистерди жардам берүүгө чакырып өттү.