Жогорку Кеңештин экс-спикери, депутат Чыныбай Турсунбеков каза болду (өмүр баяны)

6-июлда, Улуттук госпиталдын реанимация бөлүмүндө эки тараптуу пневмониядан Жогорку Кеңештин экс-спикери жана учурдагы депутаты Чыныбай Турсунбеков көз жумду. Бул тууралуу республикалык массалык-маалымдоочу каражаттар жазып чыгышты.
Турсунбеков пневмония менен сыркоолоп, бир нече күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жаткан.

Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда (тогуздун айынын 15инде) Кыргызстандын Нарын областына караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. “Мен көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Мен он бир тууганмын, үй-бүлөдө алтынчы баламын” – деп эскерген.

Ал 1978-жылы Жан-Булак айылындагы орто мектепти аяктаган.

1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) кыргыз филология жана журналистика факультетин, 2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык дипломдору менен аяктаган.

1983-1985-жж. «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

1985-1988-жж. Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдеринин кандидаттык диссертациясын жактаган.

1989-1992-жж. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде окутуучу, ага окутуучу, декандын орун басары болгон.

1993-1994-жж. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жж. ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору болуп иштеген.

1993-1996-жж. «Азаттык» радиосунун Түркия боюнча кабарчысы да болгон.

1997-жылы Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеген. Ошондон баштап «Акун» фирмалар тобун жетектеп турду.

Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.

Парламенттик ишмердиги

Ч. Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. КСДП парламенттик фракциясынын лидери катары бир нече жыл иш алып барды.
2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештеги жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган. 2018-жылдан кайрдан катардагы депутат.

Чыгармачыл ишмердиги

Биринчи ыры «Таңкы шаар» деген ат менен «Кыргызстан пионери» гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы «Жүрөктөгү жаңырык» деген ат менен басылып чыккан.

Ал 1989-жылы Пицундада өткөн жаш акындардын Бүткүл Союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

«Манас» эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. «Түрк тилдеринин грамматикалык сөздүгүн» түзүү боюнча комиссиянын курамында иштеген.

Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Жубайы – Нуржан.

Үч баласы бар.

Наамдары. Мүчөлүгү

Эл аралык Ч.Айтматов Академиясынын академиги.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү.

Филология илимдеринин кандидаты.

СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү.

Сыйлыктары

• 1989-жылы – Пицундада өткөн Жаш акындардын Бүткүл Союздук XIV фестивалынын лауреаты.
• 1999-жылы – “Жылдын мыкты бизнесмени” наамы.
• 2000-жылы – Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы.
• 2003-жылы – “Даңк” медалы (Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы боюнча экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн).

Жарык көргөн китептери

Кыргыз тилинде

Жүрөктөгү жаңырык: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 37 б.

Шаарда жоголгон сөз: Ырлар. – Б.: Адабият, 1994. – 74 б.

Орус тилинде

Литературные тенденции Кыргызской профессиональной литературы 60-80-х гг.: Монография. – Б., 1992. – 262 б.

Котормолору

Көкжалдардын өлүмү: Роман. – Анкара, 1999. – 450 б.

Abal.kg сайты маркумдун бүлөөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.