Пайдалуу кеңештер

Күндүзгү уйку адам үчүн өтө коркунучтуу, дешти окумуштуулар

Бир сааттан ашык созулган күндүзгү уйку, адам үчүн өтө коркунучтуу. Кытайдын Гуанчжоу медициналык университетинин окумуштуулары ушундай тыянакка келишти, деп билдирди MedicalXpress порталы.

Күндүз бир сааттан ашык уктаган адамда жүрөк-кан тамыр оорулары 34 процентке өскөн. Ушул иликтөөгө алынгандардын башка себептер менен көз жумушу 30 процентке көбөйгөн. Бирок, күндүзгү уйкунун мындай коркунучу суткасына алты сааттан ашык уктагандарда гана болот.

Аялдар менен улгайган адамдар ушундай абалдардын пайда болушуна өзгөчө жакын келишет.

Иликтөөнүн автору доктор Чже Пан, күндүз бир сааттан азыраак уктагандар жүрөк- кантамыр ооруларына тушугушпайт, дейт. Кеп түн уйкусу бузулгандар тууралуу кетип жатат.

Иликтөөнүн тыянагына жараша, күндүзгү кыска уйку (өзгөчө 30–45 минут), түн уйкусу бузулгандардын жүрөгүнүн жакшырышына алып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button