Дарыгер эс алуу учурунда ичеги-карын инфекцияларынан сактануунун жолдорун айтты

Эс алуу маалында ичеги-карын инфекциялары көп кездешет, бирок алардын алдын алууга болот. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, инфекционист Владимир Неронов билдирди.
Анын айтымында, инфекциялардан сактануу үчүн колду тез-тез жууп туруу, жашылча-жемиштерди кылдат жууш, эт менен балыкты жакшы бышыруу, таза суу колдонуу жана даяр тамактарды ысыкта көпкө сактабоо керек. Ошондой эле жыты же көрүнүшү күмөн жараткан азыктарды жебөө сунушталат.
Дарыгер балдарга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, сууга түшкөндө сууну жутпоого, оозуна кум, оюнчук же кир кол салбоого чакырды.
Мындан тышкары, базарларда жана көчөдө сатылган азыктарды сатып алууда чийки сүттөн, быштактан, муздаткычсыз сакталган эт жана балык азыктарынан, кремдүү таттуулардан, тууралган салаттардан жана бөлмө температурасында сакталган даяр тамактардан баш тартуу керектигин айтты. Анын ордуна жаңы даярдалган ысык тамактарды жана таңгакталган, жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн азыктарды тандоо сунушталат.



