Ырчы Анжелика Кайратованын унаасына Anje- “Lika” номерин коюп алганы мыйзамдуубу?

Ырчы Анжеликанын UX 200 үлгүсүндөгү унаалуу болгону маалым. Ырчы айым унаасынын LIKA аттуу номери боюнча түшүндүрмө берди:

“Оригиналдуу номерим тууралуу сөз болуп жатыптыр. Жакындарым кыскартып атымды Anje- “Lika” деп чакырышат. Жаңы салонумдун дагы аталышы ушундай болду.

Бул мыйзамдын негизинде буйрутма менен сатып алынган, тастыктоочу документи бар номер”,-дейт ал.

Эскерте кетсек, Анжелика айымдын жаңы сатып алган унаасынын өзгөчө номуру талкууга түшүп жаткан эле.