Маданият

Анжелика: Мен качан кулайм билбейм. Бирок, чалындым…

Акыркы убактарда Анжеликанын саламаттыгынан бир аз чемендеп, ырчы ушул тапта Түркияда.

Өзүнүн азыркы абалы тууралуу ал интернет барагында буларды жазды.

«Мен ооруган жокмун деп көп айтсаң – айыгасың. Жакшы иштерди жасай бер Аллах ыраазычылыгы үчүн алардан жооп күтпөй деп көптөр айтчу эле. Бирок, канчалык күчтүү жана бийик болсоң дагы бир күнү кулайсың деген түшүнүк бар ( “Тоолор кулаганда” Ч.Айтматов).

Мен качан кулайм билбейм. Бирок, чалындым… бир топко чейин өзүмө-өзүм кам көрүүм керек. Тагдырымды Жаратканыбыз сонун кылып жазып бериптир – чексиз шүгүр кылам. Ыраазымын, ыраазымын сиздерге дагы. Жаманы болбогондо- жакшысын байкабай калат белем? Көңүлдөрдү булгатпай жашасак – жакшы болот эле. “Таарынычымды айтсам- даттанчу адамга окшойм” деп, көп жерден баш ийкеп келем. Баардык оору нервден. Бирөөнүн кайгысын өз мойнума алып, өзүм аркылуу кыйналып чечип бермей адатым – мойнумдагы бездердин жайылып, көбөйүшүнө себеп.

Маселе чечилген соң, алар кубанган бойдон кетишсе, мен ооруп жатып калам. “Бактылуу Айым” долбоору менин жашоомдун эң чоң сыноосу болду. Ар кандай адамдарды көрдүм. Аракети жок, балит жашап, кесир сүйлөгөндөр көбүрөөк болду. Жакшылык кылсаң – милдеттүүдөй кабыл алышат… жашоосуна ыраазы адам көрбөдүм… АЛЛАХКА ЫРААЗЫ, мага эмес.

Көрсө, жалган жашоо бизди аябайт экен. Алдыга аракет кылсаң- сага кыжырлангандар пайда болот. Артта калсаң-шылдыңдагандар толот. Менин баракчамда “АНЖЕЛИКА” аттуу айымдын образы гана болсун. Ал – бала кыял бойдон гана калып, оюндар менен белектерди таратып, ДОЛБООРЛОР АРКЫЛУУ ГАНА СИЗДЕРГЕ КАЙРЫЛЫП ТУРАТ”.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button