Маданият министрлиги музыкалык жана сүрөт мектептеринин мүдүрлүгүнө сынак жарыялады

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги балдар музыкалык мектептеринин, балдар көркөм сүрөт мектептеринин жана искусство мектептеринин жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялады.
Талапкерлер маданият жана искусство багыты боюнча жогорку кесиптик билимге ээ болууга, ошондой эле жетекчилик кызмат орундарында кеминде 3 жыл иш стажына же эң аз 5 жыл педагогикалык стажга ээ болууга тийиш.
Сынакка катышуу үчүн берилүүчү документтер:
- сынакка катышуу жөнүндө арыз;
- КР жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
- сүрөтү тиркелген кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
- резюме;
- билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- эмгек ишмердигин жана иш стажын ырастоочу документтер;
- соттолбогондугу жөнүндө маалым кат;
- 3×4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (кызыл фондо);
- кесиптик жетишкендиктерин ырастоочу документтер (бар болсо);
Документтер 26-ноябрдан 9-декабрга чейин (кошо эсептегенде) кабыл алынат.
Ар бир талапкер сынак жарыяланган мектептердин ичинен бир гана мектептин жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө документтерин тапшыра алат. Талапкер арызында өзү тандаган мектептин толук аталышын көрсөтүүгө тийиш.
Сынак тестирлөө түрүндө Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.
Тестирлөө күнү — 2026-жылдын 16-декабры.



