Саясат

Кубатбек Боронов өкмөт башчынын милдетин аткарбай турган болду

Президент Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин аткаруучулуктан дагы бошотту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Кубатбек Бороновдун отставкасы кабыл алынган эле..

«Кубатбек Бороновду өкмөт башчынын милдетин аткаруучулуктан дагы бошотуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча эми анын милдетин биринчи вице-премьер Алмазбек Батырбеков аткарат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button