Садыр Жапаровго кайсы депутаттар добуш беришкен (тизме)

Жогорку Кеңештин пресс-кызматы 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында премьер-министрди бекитүү боюнча өткөн жыйынга кайсы депутаттар катышканынын тизмесин жарыялады.

Баардыгы 54 депутат каттоодон өткөн. Анын ичинен вице-спикер Аида Касымалиева катталгандан кийин жыйынга катышпай кетип калган.

Ишеним кат берген депутаттардын тизмеси:

1. Алиярбек Абжалиев (депутат Таланту Мамытовго).

2. Салайдин Айдаров (депутат Дастан Жумабековго).

3. Кубанычбек Жумалиев (депутат Улукбек Ормоновго).

4. Ильхом Маннанов (депутат Жылдыз Мусабековага).

5. Искендер Матраимов (депутат Жылдыз Мусабековага).

5. Иса Өмүркулов (депутат Сайдулла Нышановго).

6. Абдыкапар Султанов (депутат Бакыт Төрөбаевге).

7. Улан Примов (депутат Аида Касымалиевага).

8. Азиз Турсунбаев (депутат Алмазбек Токторовго).

9. Максат Эгембердиев (Өмүрбек Бакировго).

Бүгүн, 12-октябрда, өткөн жыйында төрагалык кылган вице-спикер Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин Садыр Жапаровду өлкөнүн премьер-министрлигине бекиткен токтомуна кол койду.