Саясат
Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Жээнбеков келди
Мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин жыйыны башталып, ага президент Сооронбай Жээнбеков келди. Бул тууралуу жеринен кабарчылар билдирди.
Парламент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын кароого чогулду.
Жыйындар залында өкмөт мүчөлөрү отурганын дагы көрүүгө болот.