Коом

Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи: Убакыт менен текшерилген сапат

Быйылкы жылы Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи өзүнүн 90 жылдык юбилейин белгиледи. Республиканын илгерки колледждеринин биринин бүгүнкү күндөгү турмушу жөнүндө окуу жайдын директору Максат Дюшебаев айтып берди.

-Бүгүнкү күндө колледждин турмушу жөнүндө айтып бериңизчи?

-90 жылдан бери Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи орто кесиптик деңгээлдеги жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдап келет. Качандыр бир мезгилде колледж өзүнүн ишин 9-10 окутуучу менен баштаган, алар 100 адамды окутушкан. Бүгүнкү күндө Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи – Республиканын курулуш комплекси үчүн иш алып барган окуу жай.

Биздин бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунун, коомдун сурамдарына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык керектөөлөрүнө толук кандуу жооп берет. Азыркы учурда студенттер кийинки программалар боюнча билим алышат: “Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо”, “Ички санитардык жана желдетүү системаларын монтаждоо жана эксплуатациялоо”, “Жыгач иштетүү технологиясы, эмеректин дизайны жана конструкциялоо”, “Архитектура”, “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны”, “Нарктык инжиниринг”, “Жабдууларды жана газ менен жабдуу системаларын монтаждоо жана эксплуатациялоо”, “Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо”, “Жер-мүлктүк мамилелер”.

Биздин бардык адистиктер курулуш эмгек рыногунда суроо-талапка ээ, ар 3 жылда окутууну жана окууну компетенттүүлүк мамиледе түзүү үчүн, студенттер сапаттуу билим берүү чөйрөсүндө окуу үчүн окуу программаларын кайрадан карап чыгабыз жана жаңылайбыз.

-Бүгүнкү күндө сиздин колледждин базасында Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлүүдө. Бул жөнүндө кененирээк айтып бере аласызбы?

-КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору ишке ашырылууда. Аталган долбоор орто кесиптик билим берүү уюмдарында сапаттуу инклюзивдүү чөйрөнү түзүүгө багытталган. Колледждин максаттарынан, милдеттеринен жана ишинин негизги багыттарынан улам биз алдыбызга окутуунун натыйжасы катары – бүтүрүүчүнүн жаңы тибин калыптандырууну коебуз. БАКМК бүтүрүүчүсү курулуш өндүрүшү жаатындагы кесиптик ишмердиктин негизги түрүнө ылайык жалпы жана кесиптик компетенцияларга ээ болушу керек.

Биздин окутуунун натыйжалуулугу жөнүндө былтыркы окуу жылында бутүрүүчүлөрдүн 63,3% Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чектеш багыттар боюнча – курулуш, жылуулук-газ менен жабдуу, архитектура жана айрымдары программист багыты боюнча окууга тапшыруу менен окуусун улантканы айтууда. Биздин бүтүрүүчүлөрдүн жарымынан көбү ишке орношту же убактылуу иштөөдө.

-Азыркы учурда пандемия шарттарында БАКМК аралыктан билим берүүнү уюштурдубу?

-Аралыктан билим берүүнү уюштуруу боюнча милдетти аткаруу педагогдордун билим берүү процессиндеги ишин аквтидештирди. Биздин педагогдор бардык заманбап Интернет-технологияларды, ар кандай платформалардын вариациясын комбинациялоо менен  колдонууда: Skype, e-mail, WhatsApp, Telegram, Zoom, TeamSpeak, Google Classroom ж.б.

Moodle платформасы (bkams.edu.gov.kg) колледждинэлектрондук маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнүн негизи болуп саналат. Анын мазмуну – окуучулардын жайгашкан жерине карабастан окуунун натыйжаларына жетишүүсүн жана баалоону камсыздоочу онлайн-курстар. Окутуучулар жана өндүруштүк окутуу мастерлери тарабынан түзүлгөн дисциплина (модуль) боюнча курстар практикалык/лабораториялык иштер жана билимди тешкерүү үчүн теориялык материалдарды, видеофильмдерди, презентацияларды, усулдук материалдарды камтыйт.

Платформа окуу-усулдук комплекстин бардык компоненттерин камтыйт: электрондук окуу китептери, демонстрациялык материалдар – анимация түрүндөгү кошумча теориялык материалдар, слайд-шоу, видео; интерактивдүү практикалык тапшырмалар; текшерүүчү-балоочу каражаттар – окуучулардын окуу материалдарын өздөштүрүүсүнө ыкчам байкоо жүргүзүү үчүн тесттик тапшырмалар жана суроолор. Окутуучулук курам жалпы билим берүүчү жана кесиптик дисциплиналар боюнча видео-сабактарды иштеп чыгат, студенттерге маалымат берүү жана кайтарым байланышты түзүү боюнча да керектүү иштерди аткарышат.

Реалдуу убакыт режиминде сабактар окутуучулар тарабынан окуу процессинин графигине ылайык түзүлгөн ырааттама боюнча өткөрүлөт.

-Колледждин келечегин сиз кандай элестетесиз?

-Бүгүнкү күндө “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында стратегиялык пландоо ишке киргизилүүдө, биз жетише турган максаттарды жана милдеттерди аныктайбыз. БАКМК базасында башкаруу жана каржылоодогу, компетенттүүлүк негизде окутуу жана окуудагы айырмаланган көрсөткүчтөрү менен, сапаттуу билим берүү чөйрөсү жана кызыкдар тартаптардын ортосундагы өнүккөн өнөктөштүк менен Алдыңкы тажрыйба борбору түзүлүүдө.

БКАМК-АТБны инновациялык өнүктүрүү стратегиясы билим берүү траекторияларын иштеп чыгуунун жана ишке ашыруунун, МКТ, окутуунун интерактивдүү технологияларын колдонуу менен, жумуш ордунда окутуу, ишкердикке окутуу жана буга чейинки алган билиминин натыйжаларын таануу менен компетенттүүлүк негиздеги интеграцияланган билим берүү программаларынын жардамы менен атаандаштыктын артыкчылыктарын камсыздоодо.

Компетенттүүлүк негизде иштелип чыккан билим берүү программалары кесиптик стандарттарда чагылдырылуучу иш берүүчүлөрдүн кесиптик талаптарын, ошондой эле квалификациялардын улуттук системасына (КУС) жана квалификациялардын улуттук алкактарына (КУА) ылайык буга чейинки алган билиминин жана окуунун натыйжаларын таануунун негизинде буга чейинки алган билиминин жолун улантуучулук контекстинин негизиндеги компетенттүүлүк негизде иштелип чыккан кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын эске алат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button