Коронавирус. 522 адамдан аныкталып, бир бейтап каза тапты

Өткөн суткада 522 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталып, оору бир адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 110;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 58;
  • Ош облусу – 75;
  • Талас облусу – 26;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 37;
  • Жалал-Абад облусу – 86;
  • Баткен облусу – 90.

Тилекке каршы, коронавирустан Баткенде бир бейтап көз жумуп, жалпы каза тапкандардын саны 1 139 болду.

Ал эми оору жуктургандар 57 798ге жетсе, анын ичинен 49 097 бейтап айыкты.

Бир сутка ичинде өлкөдө үч медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, бир суткада үй карантининен жети медкызматкер чыгарылган.