Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын баарын кара тизмеге киргизди

Пакистандын Медициналык Комиссиясы Кыргызстандын медициналык окуу жайларынын бардыгын кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анда айтылгандай, мекеме бул маалыматты Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинен алды. Бул жагдай Кыргызстандан бүткөн пакистандык студенттердин 90% Пакистандын Медициналык Кеңешинен милдеттүү медициналык экзаменден өтпөй калганы себеп болгон. Натыйжада алардын дипломдору Пакистанда таанылган эмес.

Маселени Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыттагы адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын ректорлору менен чогуу 28-октябрда талкуулады. Анда дээрлик бардык окуу жайлар эл аралык аккредитациядан өтпөгөнү жана мындан ары аларга көзөмөл күчөтүлөрү белгиленди. Ошондой эле пакистандык студенттерге кирүү талаптарын күчөтүүгө чакырды.

Окуу жайлар бул жана башка талаптарды аткарбаса алардын лицензиясы кайра каралмакчы.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда билим алып жаткан 8700дөй пакистандык, 9 миңден ашык индиялык студент бар. Алардын көбү Эл аралык университеттин медицина боюнча жогорку мектебинде, Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-Орус (Славян) университетинде жана Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академияда билим алат.