ИИМ. Жыл башынан бери милиция кызматкерлери 97 миңден ашуун окуя болгон жерге барышкан

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай ичинде, ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүктөрүнүн ыкчам тергөө топтору окуя болгон жерге 97 миң 332 жолу чыгышкан. Алардын ичинен: 2304 жалган чакыруу, кылмыш жана жорук фактылары боюнча 77 миң 979, медициналык мекемелерге (криминалдык мүнөздөгү жаракаттар) 17049. Тергөө-ыкчам топтор 1867 кылмыштын бетин ачышты. ИИМдин борбордук аппаратынын ыкчам нөөмөтчүлөрү тарабынан 5455 телефон чалуулар каралды: криминалдык мүнөздөгү – 1946, коомдук – саясий мүнөздөгү – 831, маалыматтык – маалымдама мүнөзүндөгү – 2678.

Күн сайын жетекчи курам тарабынан нөөмөтчү топторго республиканын  аймагындагы коомдук-саясий жана криминалдык абал тууралуу мааалымат берилип, нөөмөт убактында жеке жоопкерчилиги тууралуу, өз милдеттерин так аткарууга тапшырмалар коюлат.

ИИМдин Басма сөз кызматы