Коом

«ЭлТР» каналына жаңы жетекчи дайындалды

«ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп Эрлан Догдурбеков дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен бул кызматка 19-октябрда дайындалган Шайиста Шатманова иштен бошотулду.

Догдурбеков буга чейин ушул эле телерадиокомпанияда режиссер болуп иштеп келген.

“ЭлТР” мамлекеттин бюджетинен каржыланат. Ал өлкөнүн бардык аймагына көрсөткөн экинчи ири канал. Каналдын базасында 2005-жылга чейин аймактык «Ош 3000» каналы иштеген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button