Без рубрики

ВИДЕО: “Жерүйдөн” жардам. Таластын жаштары спорт менен машыга башташты

Талас облусунун дотациядагы айылдары “Жерүй” Алтын-Альянстан  жакшы жардамдарды алышууда. Талас облусундагы Өндүрүш айылы да дотацияда отурган айылдардын бири. Бул айылга “Бакубат Талас” фонду аркылуу “Жерүй” миллиондогон каражаттарды бөлүп, жергиликтүү элдин жашоосуна жакшы шарттарды түзүп бергени үчүн эл ыраазычылыгын айтып жатышат.

Абдысапар  Атамбеков,  Өндүрүш айылдык кеңешинин төрагасы:

-Бизге Талас  өнүгүү фонду аркылуу эки чоң ири долбоор  ишке ашкан. Алардын бири түнкү жарыктандыруу. Биздин айылга биринчилерден болуп көчөлөрдү жарыктандыруу 1 миллион 600 миң сомго бүткөрүлгөн. Азыркы күндө жарыктандыруунун пайдасы ушунчалык чоң болуп жатат.  Кылмыштуулуктун, ар кандай кырсыктардын алдын-алуу боюнча көчөнүн жарыктандыруусу жакшы жардам болууда. Экинчи долбоор, айылдагы жаштардын суроосу  үчүн минифутбол аянтчасы  курулуп, 2018-жылы ишке  берилген. Азыркы учурда айылдын жаштары футбол талаасына барып ойноп, спорт менен машыгышат. Бул 2 миллион 711 сомго аяктаган.  Ушулардын баардыгы Талас өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланган. Ошондой эле Бакубат Талас фонду аркылуу спорт залы бар,  ал жерге 500 миң сомго спорт жабдыктарын жана жылуулукту орноттук. Бул да өнүктүрүү фондунан которулган каражатка аткарылды. Мындай өнүктүрүү фонддору дотацияда отурган айылга эң чоң жардам болду. Биз айыл үчүн дагы ушул сыяктуу долбоорлорду жазып жатабыз. Эгер ишке аша турган болсо алдыда дагы көп жакшы иштер бүтөт деп үмүт кылабыз.

Жакшылык Эргешбаев, күрөш боюнча машыктыруучу:

— 2017-жылы биздин айылга спорт залы ачылган.  2019-жылы “Бакубат Талас” фонду аркылуу ушул спорт залды жаңылоо боюнча  жакшы каражат болүндү. Залдын ичин жылытып, жерге төшөлчү килемче, балдар машыга турган шаймандарды каржылап берген. Ошону менен  бул  залдын ичине айылдын жаштары машыга турган баардык шарттар түзүлдү. Ушундай өнүгүү фонддору жардам бергени үчүн айыл эли аларга ыраазычылык билдиребиз,- деди машыктыруучу.

Чындыгында “Жерүй” Алтын-Альянс Талас облусундагы   айыл элине абдан жакшы жардамдарды берип келет. Элдин жашоосун жеңилдетүүчү жагдайлар түзүлүп, техникалар да сатып алынган эле. Талас эли “Жерүй” берген жардамга ыраазычылыктарын айтып келет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button