Коом

Конституциялык кеңешме: Кыргызстандын аталышы өзгөртүлбөйт

Кыргыз Республикасынын аталышы өзгөртүлбөйт. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү, «Мамлекеттик бийлик органдары» секциясынын жетекчиси Болот Токтобаев билдирди.

Буга чейин кеңешменин мүчөсү Кадыр Кошалиев элдик бийлик орноп жатканын айтып, мамлекеттин аталышын «Кыргыз Эл Республикасы» деп өзгөртүүнү сунуштаган.

«Бардык секцияларда Кыргыз Республикасынын аталышын өзгөртүү каралган жок», — деди Токтобаев.
Ал эми кеңешмедеги «Конституциялык түзүлүштүн негиздери» секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев учурда колдонулуп келген «Кыргызстандын эли» деген терминди расмий түрдө «Кыргыз Республикасынын эли» деп атоо боюнча Конституцияга киргизилип жатканын билдирди. Ал эл аралык аренада дагы ушундай термин колдонулушу керектигин белгиледи.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button