Коом
Коронавирус. Жуктургандар Чүй менен Жалал-Абадда көп катталып, дагы төрт адам каза тапты
Кыргызстанда акыркы суткада 371 адамдан коронавирус аныкталып, ошол эле учурда 4 адам акка моюн сунду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жуктургандар аймактар боюнча:
Бишкек — 69
Ош – 3
Чүй – 126
Ош – 11
Талас – 11
Нарын – 3
Ысык-Көл – 36
Жалал- Абад – 86
Баткен — 26
Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 73178 адамга жетти.
Ал эми өткөн суткада коронавирустан каза тапкан төрт бейтап:
- Чүй облусунда — 1;
- Ош облусунда — 2;
- Талас облусунда — 1.
Кыргызстанда жалпы COVID инфекциясынын 73 178 учуру катталса, алардын ичинен 1 275 адам каза болду.