Президенттик администрация Абдыкеримовдун Tommy Mall боюнча кайрылуусун териштирип жатат

Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясы «Аю Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү, мурдагы депутат Шаршенбек Абдыкеримовдун президент Садыр Жапаровго кайрылуусунда айтылган фактылар боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Президенттик администрация ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагында жарыяланган ачык кайрылуусу тууралуу кабардар. Учурда анда келтирилген фактылар мыйзамда белгиленген тартипте текшерилип жатат», — деп айтылат жазуу жүзүндөгү жоопто.
Буга себеп болгон — 28-марттагы Шаршенбек Абдыкеримовдун кайрылуусу. Анда ал Бишкектеги «Аю Гранд Комфорт» жана «Томми Молл» аттуу эки соода борборунун айланасындагы жагдай тууралуу билдирген. Анын айтымында, бул объектилер баасы төмөндөтүлүп — үч-төрт бөлмөлүү батирдин деңгээлинде бааланып, кийинчерээк мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу адамдарга өтүп кеткен.
Өз кезегинде атайын кызматтын мурдагы жетекчисинин уулу Тай-Мурас Ташиев Facebook баракчасында бул айыптоолорду четке кагып, аны үй-бүлөсүн каралоого багытталган аракеттердин уландысы деп атаган. Кийин Шаршенбек Абдыкеримов кайрадан билдирүү жасап, өз мүлкүн жоготуу боюнча «фактылар» тууралуу айтып жатканын белгилеген.
Акыркы күндөрү чет өлкөдө жашап жаткан ишкер социалдык тармактарда активдүү түрдө ачык билдирүүлөрдү жарыялап, анда бизнесинен ажырап калуу жагдайларын сүрөттөп, бир катар саясий фигураларды атап келет. Тактап айтканда, ал азыркы учурда камакта жаткан УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эльдар Жакыпбековду да айыптаган



