Сулуу жана келбеттүү болуунун сыры эмнеде?

Заманбап адамдын жашоосун спортсуз элестетип болбойт. Спорт  модалуу- адатка айланып бара жатканы бизди кубандырбай койбойт. Өзгөчө шаардыктар мындай нерсеге өтө маани беришет. Ошондуктан эгерде сиз спорт менен машыксаңыз  дени сак, замандын  тенденцияларынан артта калбаган, өз ден-соолугуңузга кам көргөн мыкты адам деп билели. Өткөн  теманы улай туура баланстуу тамактанууга төмөндөгү спорттук көнүгүүлөрдү кошсок, мыкты жыйынтык болоорунан шек санабыңыз.

Спорт менен машыгыңыз

1. Ар бир таңда 10 мүнөттү спортко арнаңыз

Эртең мененки спорттук көнүгүүлөрдүн пайдасы байыркы замандан бери белгилүү. Жөнөкөй көнүгүүлөрдөн туруп, 10 мүнөттөн көп убакытты талап кылбайт. Күн сайын таңкы тамак алдында көнүгүү жасаңыз.

Спорт менен машыгуу үчүн сөзсүз түрдө атайын жабдуулар керектелбейт. Мындай көнүгүүлөрдү жакшы адат кылып алыңыз. Бул  көнүгүүлөр булчуңдардын иштешин жакшыртып, бир күнгө жетчү энергия тартуулап, калорийди активдүү иштеткенге организмди даярдайт.

2. Кечинде 20 мүнөттүк чуркоо

Күнүмдүк чуркоо  – жумуштан кийин келип диванды кучактап жаткан жалкоолорго жакшы дары. Үйдө чуркоо дорожкасында, короодо, паркта чуркаса болот. Бир жолку чуркоо көп нерсеге деле таасир тийгизбейт. Бирок , бул адатты күндө колдонсоңуз жакшы жыйынтык сизди көп күттүрбөйт. Анткени чуркоо эң натыйжалуу спорттун түрүнө кирет.

3. Эртең мененки йога

Керемет күндүн нурлары сизди эрекелетип, куштардын керемет ырлары угулуп, сиз жакшы эс алып ойгонсоңуз, мындай керемет көрүнүшкө таңкы йога сонун кошумча болот деп эсептебейсизби? Заманбап жана керемет спорттук көнүгүүлөргө жакшы альтернатива. Таңкы йога зат алмашууну жакшыртып, ашказан системасын тамак иштетүүгө даярдайт, ал нерсе углевод жана майлардын тез иштетилишин камсыздайт.

4.  Кардио көнүгүүлордү жасаңыз

Кардио көнүгүүлөрсүз натыйжалуу арыктоо мүмкүн эмес. Эң жөнөкөйү циклдык спорт менен машыгуу. Аларга чуркоо, велосипед тебүү  жана сууда сузүү кирет. Бирок биз сиздерге үйдөн чыкпайсыздар деп сөз бергенбиз, ошондуктан үйдөн чыкпай телевизордун алдында жасала турган бир нече көнүгүүлөрдү сунуштайбыз.

Скакалкада секирүү: боксерлор скакалканын чоң күйөрмандары – анткени алар калорийден тез арылууга жакшы жардам берет. Секирүү көңүлдүү гана эмес ал пайдалуу дагы, анткени калорийден тез арылганга жардам берет.  Мындай мүмкүнчүлүктү өткөрүп жиберүү  бул чоң катачылык.                                       

5. Жумушка жөө же велосипед менен барыңыз

Эгерде жумушуңуз эки-үч аялдама эле алыс болсо анда жөө барыңыз.  Коомдук же авто унаага отуруунун кажети жок. Көбүрөөк аралыктарга велосипед колдонуңуз.

Велисипедде жүрүү бир катар себептер менен өтө пайдалуу; биринчиден кошумча спорт менен машыгуунун кереги жок, экинчиден бул жакшы адатка айланат, үчүнчүдөн транстпортко кеткен акча каражатыңызды үнөмдөйсүз жана эң башкы себеби ашыкча салмактан ишенимдүү арыласыз.

6. Сууда сүзүү

Сууда сүзүү арыктоодо өтө пайдалуу альтернатива! Бардык суставтарда пайдалуу. Сууда кыймылдап жатып сиз бир топ сууга каршылык көрсөтөсүз. Бул машыгуу арыктоого идеалдуу шарт түзөт.

Сууда сүзүү боюнча бир нече көнүгүүлөрдү кошуп коюңуз ошентип сиз ийгиликтин жарым жолунда болосуз. Сүзгөндү билбейсизби ? Аквааэробикага жазылыңыз. Оор жумуш күндөн кийин бир саат суу көнүгүүлөрү жакшы маанай, мыкты дене түзүлүш тартууларында шек жок. 

7.  Скандинавдык басуу –  фитнес-басуу менен  чуркоонун ортосунда

Скандинавдык басуу – бул көчө спортунун жана эс алуунун бир түрү. Баса белгилей кетиш керек – бул жөн эле басуу эмес, треккинг таякчаларына окшогон таяктар менен алдыга умтулуп тез-тез басууну шарттайт. Треккинг таякчаларынан айырмаланып, скандинавдык басууда таякчалар лыжа тебүү учурундагыдай артта  кармалат.

Мындай басуу жөнөкөй басуудан 40 % энергияны коротуп бардык булчуңдардын иштешин камсыздайт. 

8. Өзүңүздүн алдыңызда стресстен арылуу максатын коюңуз

Стресс салмак кошууга аябай түрткү болот. Стресске кабылганда көбү ашыкча салмак кошуп, көп тамеки тарта баштайт. Азыраак стресске кабылуунун жолу-өз жашооңду жакшы уюштуруп алуу. Азыраак тамак жеп, керексиз нерселерден арылып, жумуш жана жашоонун ортосунда балансты таап, спорт менен машыксаңыз өзүңүз жашооңуз кантип иреттелип калганын билбей каласыз.

Сулуу жана келбеттүү болгуңуз  келсе сөзсүз спорт менен машыгыңыз.

Даярдаган: Айсулуу Исабек кызы