Москванын метросунда төрөгөн келинди полиция кызматкерлери көргөнү барды

Москванын метросунда толгоосу башталган кыргызстандык келинге жардам берген полиция кызматкерлери ал төрөтканадан чыгып жатканда гүл көтөрүп барып абалын сурап кетти. Бул тууралуу Россия ИИМинин Москва боюнча башкы башкармалыгы Facebook баракчасы аркылуу кабарлады.

Келинге көз жарууга көмөктөшкөндөр полициянын улук сержанты Алеся Полякова менен прапорщик Алексей Орлов экени жазылган.

Эске салсак, 11-декабрда кыргызстандык кыздын метродо көз жарганы, аны полиция кызматкерлери төрөтүп алганы айтылган.

Ошол эле күнү элчиликтин юристи Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаментинин №29 клиникалык ооруканасына барган. Төрөт экстремалдык шартта болгонуна карабастан ымыркайдын ден соолугуна зыян келтирилген эмес.

Көз жарган аялдын туугандары келин ымыркайынан баш тартты деген маалыматты төгүндөшкөн.