Саясат
Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктады
“Өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн Сиз менен биргелешип “Бир алкак – бир жол” долбоорун куруунун алкагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо жаатында чогуу аракеттерди жумшоого даярмын”, – деп белгиленет куттуктоосунда.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жогорку мамлекеттик кызматта чоң жетишкендиктерди, өлкөгө өсүп-өнүгүүнү, ал эми кыргыз элине бакыт-таалай каалады.