Жаңы кызматка дайындалган Рахат Сулаймановдун резюмеси

Сулайманов Рахат Аскерович «5 каналдын» башкы директору болду. Буга чейин ал УКМКнын басма сөз катчысы кызматын аркалап келген.

Рахат Сулайманов 1975-жылы 29-сентябрда Ат-Башы районунун Кара-Коюн айылында туулган. Үй-бүлөлүү, уулу жана кызы бар.

1995-1999-жылдары Казак мамлекеттик театр жана кино институтунда окуган. Кесиби боюнча театр жана кино актеру.

2018-жылы Президенттин алдындагы башкаруу академиясында мамлекеттик муниципалдык башкаруу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

– 1999-2001-жылдары Чүй облустук сатира театрынын актеру;

– 2001-2002-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген;

– 2002-2005-жылдары КТРКда корреспондент, «Замана» студиясынын алып баруучусу;

– 2005-2006-жылдары «КООРТ» телеканалынын «Жума кадамы» аналитикалык программасынын жетекчиси, кыргыз редакциясынын жаңылыктар кызматынын редактору;

– 2006-2007-жылдары «5 канал» телеканалынын «Майдан» программасынын алып баруучусу;

– 2007-2009-жылдары «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык борборунун редактору, «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык борборунун жана «Ала-Тоо аймактары» программасынын башкы редактору;

– 2009-2010-жылдары Ысык-Көл облусунун губернаторунун басма сөз катчысы;

– 2010-2012-жылдары «ЭлТР» телеканалынын башкы продюсери;

– 2012-2013-жылдары Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси;

– 2012-2014-жылдары «Санжыра» радиосундагы «Шашкеге шашпай» программасынын алып баруучусу;

– 2013-2021-жылдары УКМКнын расмий өкүлү.