Сокулукта жаңы жыл алдында айылдашын өлтүргөн шектүү кармалды

2020-жылдын 30-декабрь күнү болжол менен саат 09:50 чамаларында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Шопоков шаарындагы көчөлөрдүн биринен эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде дароо Сокулук РИИБдүн ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, болжол менен 20-25 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Табылган жансыз денеге жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында денеси тоңгон, баш сөөгүндө жаракаты, көкүрөк жагында күйүк белгилери байкалган. Өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо масатында зарыл болгон экспертизалар дайындалган, бирок жыйынтыгы даяр боло элек.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралары учурунда каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал Х.С. аттуу 20 жаштагы жергиликтүү жашоочу экендиги такталган.
Чүй облусунун ИИББдин жана Сокулук РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ар тараптуу иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 33 жаштагы Б.С. аттуу Сокулук районунун жашоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы