Ырчы Гүлзинат Суранчиева: Самара алыңды ченеп иш кыл, директор болуш оңой эмес

Бишкек шаарындагы Шубин атындагы балдардын борбордук музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева ырчы Самара Каримовага өзүнүн жеке пикирин билдирди:

«Самарага кеңеш берет элем. Биринчи ошол мектепке 5-10 жыл мугалим болуп иштеп, жыйынтык көргөзүп, анан директор болом десең болот. Азыр сен жашсың, директор болуш оңой иш эмес. Ал Ош шаарындагы чоң музыкалык кадрларды даярдоочу мекеме, менин билишимче ал жерге консерваторияны бүткөн адам, профессионалдык музыкалык билими бар, бир музыкалык аспапты чеберчиликте черткен адам болсо жарашат. Мен мугалимдердин өрттөнүп жатканын түшүнөм, анткени алар ушундай кадр болуш үчүн 20 жыл окушкан, ошол үчүн сени эч качан тең кадр катары кабыл алышпайт. Ар бир ишке алыңды ченеп киришсең болмок».