Вице-спикер Мирлан Бакиров кызматын тапшырып берүүнү чечти

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Төрөбаев Бакиров өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алгандыгын жазган.

Бакыт Төрөбаев “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлгөндүгүн кошумчалаган.